1979-жылы Ислам революциясында тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлеви Иран элине кайрылуу жасады. Ал “Ислам республикасы соңуна келип, кыйроо алдында турганын, Хаменеи бункерде баш калкалап жатканын жана кырдаалды башкара албай калганын” айтты.
“Башталган процесс артка кайтпайт. Келечек жарык”, - деген Иран шахынын уулу жарандарды “бул режимге чекит коюуга” чакырды жана “жакында биз бирге болобуз” деди.
Ал Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалга жогорку лидер аятолла Али Хаменеини күнөөлөдү.
Бул билдирүү Израил менен АКШдагы булактарга шилтеме берүү менен АКШ Иранга каршы Израилдин соккуларына кошулушу мүмкүн деген божомолдор барган сайын көп айтылып жаткан шартта жасалды.
Вашингтон мындай ниет тууралуу маалыматты ырастай элек. Президент Дональд Трамп шейшемби күнү Иран бийлигин “толугу менен багынууга” чакырды. Ага чейин ал Иран бийлигин өзөктүк программадан баш тартууга үндөгөн.
Реза Пехлеви учурда Кошмо Штаттарда жашайт. Ал Иранда тыюу салынган, Ислам республикасынын бийлигине оппозиция болгон Улуттук кеңешинин лидери. Анын Иранда учурдагы саясий таасирин баалоо кыйын.
Шерине