Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Медиа платформа “ЖМК жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча мунаса табууга чакырды


Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети жактырган “ЖМК жөнүндөгү” мыйзам долбоордун жаңы редакциясы президент Садыр Жапаровдун аталган мыйзамды Конституцияга жана сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү аракетин жокко чыгарат.

Бул тууралуу өлкөдөгү бир катар журналисттер жана медиа уюмдардын башын кошкон “Кыргызстандын Медиа платформасы” уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Платформа аталган мыйзам долбоорду иштеп чыгууга президенттин сунушу менен журналисттер, юристтер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн, ал топ документти тыкыр иштеп чыкканын эске салды.

Ошондуктан, журналисттер уюму парламент депутаттарын комитет жактырган мыйзам долбоордун редакциясын колдообого, президент Садыр Жапаровду мыйзам парламенттен өтсө, кол койбоого жана бул жаатта жаңы коомдук талкууларды уюштурууга чакырды.

Бул мыйзам долбоорду өкмөт сунуштап, алгачкы варианты медиа коомчулукта нааразылык жаралган. Дал ушундай шартта президент Садыр Жапаровдун макулдугу менен мыйзам долбоордун жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ага журналисттер, медиа эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Бир жарым жылга жакын иштеген жумушчу топ мыйзам долбоордун текстин парламентке сунуштаган.

Ушул аптанын башында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоордун өзгөртүлгөн вариантын жактырды. Анда депутаттар Айбек Маткеримов, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулунун сунушу менен бир катар катаал жоболор киргизилген.

Жаңы редакцияга ылайык, өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилди. Жалпыга маалымдоо каражатынын түзүүчүсүнө байланыштуу бир катар талаптар коюлган.

Журналисттер дал ушул нормалар өлкөдөгү медиалардын ишмердигине терс таасирин тийгизип, сөз эркиндигине кедерги болорун эскертүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG