Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

МАГАТЭ: Аракта радиациялык кырсык тобокелдиги кала берүүдө


Арактагы реактор. Архив
Арактагы реактор. Архив

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын Арак шаарынын жанында курулуп жаткан өзөктүк ишканага сокку урулганын ырастады. Агенттик «негизги имараттарга» залака келтирилгенин билдирди.

Тегерандан 250 км алыс жердеги Арактагы жайды израилдик аскерлер бейшемби күнү бомбалаган. МАГАТЭ ал жерде ядролук материал жок болгонун айткан.

Мекеменин жетекчиси Рафаэл Гроссинин айтымында «ири радиологиялык адиса болбогону менен», «радиациялык кырсык» тобокелдиги кала берүүдө.

«Мындай кыйчалыш абалда МАГАТЭнин атомдук объектилер тууралуу өз убагында маалымат алып туруусу маанилүү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Израилдик аскерлердин айтымында, Арактагы реакторго урулган соккудан плутоний чыгарганда колдонулуучу маанилүү конструкция жабыркаган. Плутоний урандай эле ядролук курал жасоодо керектелиши мүмкүн.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG