Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Иран Microsoft компаниясынын кеңсесине, Израил Тегерандагы аскердик жайларга сокку урду


Беэр-Шева шаары Ирандын соккусунан кийин. Израил, 20-июнь 2025-жыл.
Беэр-Шева шаары Ирандын соккусунан кийин. Израил, 20-июнь 2025-жыл.

Иран жума күнү эртең менен Израилге дагы бир сокку урганда бир ракета Беэр-Шева шаарына кулады. Маалыматтарга караганда, ал Microsoft компаниясынын кеңсесинин жанында жарылды, сыныктары турак үйлөрдүн жанына түшкөн.

Израилдин тез жардам кызматы беш киши жеңил жаракат алганын билдирди.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу бутага Microsoft алынганын, Израилдин кирешесинин жарымы технологиялык компаниялардын экспортунан түшөрүн, Microsoft технологиялар жаатында израилдик аскерлер менен кызматташарын билдирди.

Дагы бир маалыматтарда CyberSpark району жана Израил армиясына (ЦАХАЛ) киберчабуулдар тармагында кызмат көрсөткөн IT компаниясынын имараты бутага алынганы айтылат.

Өз кезегинде Израилдин Аба күчтөрү жумага караган түнү Иранда өзөктүк изилдөөлөрдү жүргүзгөн борборго, Тегерандагы ондогон аскердик жайларга чабуул жасады.

ЦАХАЛдын маалыматы боюнча бомбалоого 60 истребитель тартылып, 120 дүрмөт колдонулду.

Ислам жумурияты бул маалыматты азырынча комментарийлеген жок.

Ал арада 20-июнда Рейтер Ирандын Asriran сайтына шилтеме кылып Тегерандын борбордук Гиша кварталындагы турак жайда орун алган батирге дрон менен сокку урулганын жазды.

Эки өлкө тең акыркы күндөрдө бири-бирине сокку урганы карапайым кишилер арасында чоң жоготууларга алып келди. Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Хоссейн Керманпур дүйшөмбүдө билдиргендей, Израилдин чабуулу башталган 13-июндан бери кеминде 224 киши набыт болду, 1200дөн ашууну жараат алды, алардын 90% жайкын тургундар.

Шаршембиде Ирандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак 585 кишинин өмүрү кыйылганын, 1326 киши жараат алганын билдирген.

Ал эми Израилдин расмий өкүлдөрү Ирандын жооп иретиндеги соккуларынан Тел-Авив, Хайфа жана башка шаарларда 26 киши каза тапканын билдиришкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG