Бишкекте тез татымдан уулангандар 24 кишиге жетти

Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте 19-июнда “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн тамакка уулангандардын саны 24 кишиге жеткенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев 20-июнда “Азаттыкка” билдирди.

Алардын 12си ооруканага жаткырылып, калганы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Лабораториялык текшерүү үчүн жабыркагандардан клиникалык материалдар алынып, изилдөө иштери жүрүүдө.

Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жалпы 41 миң сом болгон үч айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган. Тез татымдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Материалдар Октябрь райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда буга чейин да аш-тойлордо, тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Дагы караңыз

Нобел сыйлыгынын ирандык лауреаттары Мохаммади менен Эбади согушту токтотууга чакырыштыОрусия менен Украина согуш туткундарынын дагы бир тобун алмашты“Росатом”: Бушер АЭСине сокку урулса Чернобылдагыдай апаатка алып келетАргентина Москванын таасирин жайылткан орусиялык топ аныкталганын билдирди