Министр Чечейбаев калктын санына жараша дарыгер менен камсыздоо төмөндөп жатканын айтты

Эркин Чечейбаев.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев элдин санына карата дарыгерлердин саны азайып баратканын парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын 20-июндагы жыйынында билдирди.

Мисалы, 2019-жылы 10 миң кишиге медайымдар боюнча көрсөткүч 45,4, ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер боюнча 3,3 болсо, былтыр 45,2 жана 2,9 түздү. Мындай статистикалык маалымат калктын өсүшүнө карата дарыгерлердин саны азайып баратканын көрсөтөт. Ал эми жалпы дарыгерлердин санынын динамикасы 10 миң кишиге 18 дарыгер туура келет.

“Кошуна өлкөлөр Өзбекстанга, Казакстанга жана ошондой эле Грузияга салыштырып көрсөк, аларда 10 миң кишиге кеминде 40-45 дарыгер туура келет экен. Биздеги бул көрсөткүч 18,2 дарыгерди түзүп жатат. Бизде дарыгер менен камсыздоо аябай төмөн. Аймактар боюнча да алардын санында айырмачылык бар. 10 миң кишиге Баткен облусунда 61, Бишкек шаарында 21 медайым туура келет”, - деди Чечейбаев.

Ошол эле учурда министр ооруканаларга бөлүнгөн дарыгерлердин 3 686 штаттык орду бош турганын билдирди. Жалпы 11 659 дарыгер үчүн штаттык бирдик болсо, учурда 7 970 киши иштеп жатат.

Кадрдык жетишпестик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда да бар экени белгиленди.

Дагы караңыз

Франция соту Павел Дуровго өлкөдөн чыгууга уруксат бердиКыргызстанда "Е-Дипломат” мекемеси түзүлүүдөВашингтон Ирандагы абал боюнча чечимин жакынкы эки апта ичинде кабыл алатБишкекте тез татымдан уулангандар 24 кишиге жетти