"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
БШК парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен санап бүттү. Азырынча алдын-ала кийинки парламент алты партиянын 54 өкүлдөрү жана бир мандаттуу округдардан шайланган 36 депутаттан турган жатат. Бул курамдагы парламент кандай болот?
Парламенттик шайлоого бир 10 күндөй убакыт калды. Учурда үгүт өнөктүгү активдүү жүрүп жатат. Жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамдарына ылайык өтүп жаткан шайлоодон соң кандай парламент келет деген суроо кызыгуу талкууда.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Роза Корчубекова болду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңешке депутат болууну каалагандардан арызды кабыл алуу токтоду. Былтыр шайлоодогу чырдан соң бийлик алмашкан Кыргызстанда бул жолу саясий өнөктүккө даярдык кандай?
Кыргызстанда кайрадан өкмөт алмашты. Министрлер кабинети жана президенттик аппараттын жетекчилигине Акылбек Жапаров келип, амбициялуу планын жарыялады.
Кыргызстанда октябрь окуяларына бир жыл болду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетти. Анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин паралмент бекитти. Абдыгулов өз чечимин башка ишке өтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, 90 орундуу парламентке депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калды. Анын жактоочулары үй камагына чыгарууну талап кылып, эки күн сот алдына чыгышты.
Президент Садыр Жапаров калкка электр энергиясынын баасын көтөрүүнү артка жылдырды. Бул маселе бир-эки жылдан кийин каралышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда коммерциялык чарбаларга жана башка категориядагыларга жарыктын наркы жогорулатылат.
5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Кыргызстанда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады.
Кыргызстан мусулмандарынын жаңы муфтийи Замир кары Ракиев “Азаттыкка” маек куруп, дин, каада-салт, саясат, каржы, диний агартуучулук, диний радикалдашуу маселелерине тиешелүү суроолорго жооп берди.
Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканы расмий жарыяланды. Соңку бир сутка ичинде вирус расмий аныкталгандардын эсеби 700дөн ашып, акыркы айлардан берки эң жогору көрсөткүч болду. Пандемия башталган бир жыл ичинде илдеттин курмандыктары 1 916га жетти. Адистер чынында ооругандар жан
31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды.
Кыргызстандын райондорунун дээрлик бардыгында акимдер жаңыланып, ротацияланды. Бийлик бул аракет "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу максатын көздөөрүн белгилеп жатат.
Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтеп жаткан Мамлекеттик комиссия «Кумтөр Голд» ишканасы 459 миллиард 558 миллион сом төлөөгө милдеттүү экенин алдын ала билдирди. «Центерра Голд» Кумтөргө байланыштуу кыргыз бийлигинин соңку чечимдерин "таптакыр негизсиз" деп эсептей турганын билдирди.
"Азаттыктын" “Эксперттер талдайт” программасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, кризистен чыгуу жолдорун талкууланды.
3-май - Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү катары белгиленет. Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай? Кыргыз журналистикасында кандай тенденциялар болуп жатат? Журналисттердин ишине тоскоолдук жараткан кандай тобокелчиликтер бар?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыштуу кирешени легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны камактан бошотту.
Дагы жүктөңүз