"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
Эл аралык байкоочулар миссиясынын башчысы, элчи Борис Фрлец “Азаттыкка” курган маегинде шайлоо системасында байкалган мүчүлүштүктөргө токтолду.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоону уюштуруу, добуш берүүдө кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн экендиги тууралуу “Азаттыкка” кеңири маек берди.
Азаттыктын “Азыркы кыргызстандык” түрмөгүндө Чоң-Кеминдик дыйкан Абдинасип Тойчубаев жөнүндө сөз кылабыз. Пайгамбар жашынан өтүп калган Абдинасип өз айлында эзелтен көйгөй болуп калаткан сугат суу маселесин чечүүгө киришти. Өз үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнөн эки миллион сомдой каражат сарптап, айылга суу ал
Горький жана Панфилов көчөлөрү кесилишкен жерде атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун аскерлери менен белгисиз топ атышып, төрт согушкер жок кылынды. УКМКнын төрт кызматкери жараат алды.
"Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы бул ирет тартип сакчыларынын ортосундагы тиреш, алардын жосунсуз жоруктары тууралуу баяндайт.
Кыргыз эл артисти, белгилүү актер, обончу Мукамбет Токтобаев жарым кылымдан бери сахнадан түшпөй келатат. Ал театр, өнөр сүйүүчүлөргө Машырбек, Король Лир, Чынгызхан, Танабай өңдүү каармандары, "Каркыралар", "Он алты кыз" өңдүү обондору менен таанымал. Чыгаан актер өзүнүн чыгармачылык сапары, өкүнү
Коргоо министрлигинин офицерлерине берилген үйлөрдү бөлүштүрүүдөгү коррупция, Бишкектеги жана Оштогу мыйзамсыз курулуштар боюнча “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын иликтөөсү.
Кумтөрду иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын бир катар акционерлери ишкананын учурдагы башкаруучуларын алмаштырууну колдойт.
"Азаттык" президент Алмазбек Атамбаевдин чыгымдарын иликтеп чыкты. Мамлекет башчысы канча айлык алат, ага канча адам кызмат кылат?
Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча 117 бала гана аутист деген диагноз менен каттоого алынган. Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча мындай балдардын саны миңдеп саналат. "Азаттык+" бу сапар балдардын аутизм оорусун талдап көрдү.
Мындан туура беш жыл мурда Бакиевдин бийлигинин огу 86 азаматтын өмүрүн кыйган. Кандуу апрелде каза болгондорду эскерип жатып, алардын мүдөөсү аткарылдыбы деген суроого жооп издөөгө туура келет.
Бүгүн кыргыз коомчулугунда сауна дегенде көпчүлүктүн эсине мончодогу ысык буу эмес, денесин соодалаган кыздар жана капчыктуу аткаминерлер түшөт. Мунун да жөндүү себеби бар. Анткени мына минтип шаар түн жамынганда сауна деп аталган жайлар чыныгы жүзүн ачат. Бүгүн биз көмүскөдө аткаминерлер ээлик кылган Бишкек жана Ош шаарындагы сауна-мейманканалар тууралуу сөз кылабыз.
"Украинага согушка 17 адам болуп барганбыз"
Бакыт Абдыкапаров үй камагында калды
Кыргызстандык оппозициячыл депутаттар, коомдук активисттер жана журналисттер орус оппозициячысы Борис Немцовду эскеришти. Немцов 27-февралда Москванын борборунда белгисиз бирөөлөрдүн огунан каза тапкан.
Үйдүн, коломтонун, ошондой эле тынчтыктын символу катары кабылданган аялдардын, энелердин балдарынан, жакындарынан, тынч жашоодон кечип, жылуу коломтосун кан күйүп жаткан согушка алмаштырып, Сирияга кетип жатышынын себеби эмнеде?
Бишкекте бала кароочу китепкана ачылды
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кумтөрдү улутташтыруу, эл аралык соттордогу Кыргызстанга каршы доо, бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу тууралуу мыйзам долбоору жана башка укуктук маселелер боюнча “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз