Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты. Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду.
Америкалык маалымат каражаттары Дональд Трамп АКШнын Израилдин Иранга каршы соккуларына катышуусун караштырып жатканын жазышты. “Үч өспүрүм биринчи класстын окуучусун зордуктаган” деген маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды.
Кыргызстанда үч жыл мурун жарыяланган "жер мунапысы" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыз кабыл алуу 1-июлда токтойт. Бирок айрым жер тилке ээлери алигүнчө түрдүү себептер менен жерлерин мыйзамдаштыра албай жүрүшкөнүн айтып, даттанууда.
Израилдин армиясы Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук штабынын жаңы дайындалган жетекчиси Али Шадмани өлтүрүлгөнүн билдирди. Казакстандын борбору Астанада “Борбор Азия–Кытай” саммити башталууда. Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча Октябрь райондук сотундагы отурум 26-июнга калды.
Мёрдо Маклеад, журналист-блогер. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлары кабарланды.
Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн 50дөй тургуну калаадагы жолдорду кеңейтүү үчүн турак жайлары мыйзамсыз сүрдүрүлүп жатканын айтып, президентке кайрылды. Алар жеке менчиктин кол тийбестиги бузулуп жатат деп арызданышты. Ош мэриясы кенемте маселеси каралып жатканын билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандыктарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматына түшүндүрмө берүү үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырарын жарыялады.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева былтыр ага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразы болуп, даттанышканын билдирди.
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Дагы жүктөңүз