17-июнга караган түнү болгон Орусиянын ракеталык соккусунан Киевде каза тапкандар саны 23кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы 18-июнда кабарлады.
Киевдин Соломенка районундагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын арасынан куткаруучулар дагы жети адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул маалымат жарыялангандан кийин дагы эки адамдын сөөгү табылганы белгилүү болду.
Чабуулдан жараат алгандар 134 адам.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат тараткан маалыматта дайынсыздарды издөө уланып жатканын айтылат:
"Бизде каза тапкандар боюнча так сан жок. Шаар бийлиги айрым адамдар байланышка чыкпай жатканын маалымдаган. Бизге белгилүү болгону 35 батир толугу менен талкаланды. Издөө жана тазалоо иштери уланууда".
18-июнь Украинанын борбору Киев шаарында Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
17-июнга караган түнү украин баш калаасы Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылган. Киевде чабуулга турак үй туш болуп, анын бир бөлүгү толук урап түштү. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чабуулду "Киевге жасалган эң катуу соккулардын бири" деп атады.
Анын айтымында, баш калаанын бир нече районуна 27 жерден сокку урулган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 18-июнга караган түнү өлкө аймагына 58 дрон менен чабуул койду.
Аскердик командачылык алардын ичинен 30 дрон атып түшүрүлгөнүн же өз алдынча кулаганын билдирди.
Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)
Шерине