Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

Ирандын Түркмөнстанга жакын Мешхед шаары Израилдин чабуулуна кабылды


Мешхед шаары Түркмөнстан менен Ирандын ортосундагы чек ара бекетинен 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Мешхед шаары Түркмөнстан менен Ирандын ортосундагы чек ара бекетинен 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

18-июнга караган түнү Израилдин Аба күчтөрү Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарына абадан сокку урду. Израил армиясынын маалымат кызматынын билдиришинче, сокку учурунда шаардын аба майданында турган күйүүчү май ташуучу учак бутага алынган. Бул тууралуу "Азатлык" радиосу жазды.

Мешхед Израилден болжол менен 2300 чакырым алыстыкта жайгашкан. Израилдик тарап бул операцияны “аскерий кампания башталгандан берки эң узак аралыктан жасалган сокку” катары мүнөздөдү.

Бул шаар Түркмөнстан менен Ирандын ортосундагы Бажгиран чек ара бекетинен 100 чакырым, ал эми Ашхабад шаарынан 280 чакырым жерде жайгашкан.

Өткөн түнү Иран Израил аймагына эки толкун менен болжол менен 25 ракета атканы кабарланды. Алардын көбү абада атып түшүрүлгөнү маалым болду. Ракеталардын калдыктары Израилдин борбордук бөлүгүнө түшүп, айрым жерлерде өрт тутанды. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи социалдык тармактагы Х баракчасында иврит тилинде билдирүү жарыялап, Израилди “террордук сионисттик уюм” деп атап, ага каршы “катуу чара көрүү керек” экенин жазды.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 260тан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун маалымдады. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG