Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Офшорбу же инвестициялык борборбу? Өкмөт "Тамчы" финансылык аймагын түзөт


Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропорту.
Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропорту.

Кыргыз өкмөтү “Тамчы” атайын инвестициялык аймагын түзүүнү сунуштап, парламент комитеттери бул демилгени колдоду.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги бул аймакта инвесторлор салыктан бошотулуп, ишкерликтин 16 түрүн ачууга уруксат берилген. Мисалы, ар кандай банк, кредиттик уюмдарды ачып, же болбосо кумарканаларды иштетсе болот.

Чет өлкөлүк компанияларга бир катар жеңилдиктер каралган. Буга чейин Ысык-Көлдө "Асман" шаарын курууну убада кылган өкмөттүн аракети кандай ишке ашат?

Сингапур, Лондон жана Гонконгду эңсеген кыргыз өкмөтү

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдүн аймагында даги бир ири долбоорду ишке ашыруу дымагын жарыялады. Алар “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагын түзүп, аны Сингапур, Лондон жана Гонконгдогудай эл аралык финансы борболоруна айландыргысы келет.

Ага тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 16-июнундагы жыйынында биринчи окууда каралды.

Анда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, кыскача мындай аныктама берди:

Бакыт Сыдыков.
Бакыт Сыдыков.

“Бул режим ишкердик кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Аймактын резиденттери үчүн салыктык преференциялар сунушталат. Салык мыйзамдарына ылайык бардык салыктардан 49 жылга бошотулат. Чет элдик адистерди тартуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип кирет. Валюталык операцияларды эркин жүргүзө алышат. Бул аймакта башкаруучу компания түзүлүп, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге белгилүү бир көлөмдө каражат чегерип турат. Анын өлчөмүн түшкөн пайданын пайызы менен Министрлер кабинети аныктайт”.

Мыйзам долбоорунда өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ “Тамчы” каржылык инвестициялык аймагынын субъекттеринин экономикалык ишине Кыргызстандын ар кандай мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кийлигише албай турганы да жазылган.

Ал жерди өзүнүн башкаруу органдары көзөмөлдөйт. Бул жердин жогорку коллегиалдуу органы кеминде үч кишиден турган башкаруучу кеңеш боло турганы айтылып жатат. Анын курамын кыргыз өкмөтү бекитет. Мындан тышкары жалпы координация жүргүзө турган башкаруучу компания да түзүлөт. Буга кошумча компанияларды каттап, жөнгө сала турган жана талаш-тартышты чече турган борбору да болот.

Тамчы аэропортунун жанындагы каржылык аймакта ишкерликтин 16 түрүн жүргүзсө болот. Экономика министри Бакыт Сыдыков алардын айрымдарын Жогорку Кеңештен окуп да берди.

"Финансылык, банктык, инвестициялык жана камсыздандыруу иштери, виртуалдык рынокто соода жүгүртүү, активдерди башкаруу, инвестициялык жана корпоративдик фонддор, кредиттик уюмдар, брокердик иш, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр, холдингдик компаниялар, трасстарды башкаруу, туризм, саламаттык сактоо тармагы жана оюндар".

Министр Сыдыков казино ачып же кумар оюндарын өткөрсө да болорун, бирок мыйзамга ылайык, ал жерге Кыргызстандын жараны кире албай турганын кошумчалады.

Депутат Камила Талиева буга чейин мамлекеттин катышуусу менен бир топ долбоорлор башталып, аягына чыкпай калганын, анын айрымдары боюнча териштирүүлөр дагы эле бүтпөй келатканын айтты.

Камила Талиева.
Камила Талиева.

“Биз буга чейин миллиарддан бөлүп, мамлекетке пайда алып келет деп бир топ фонддорду ачканбыз. Кээ бирлери банкрот болуп, жетекчилери кармалды. Туризмди өнүктүрүү, “Кыргызиндустрия” деген ишканалар ачылып, азыркыга чейин ызы-чуу бүтпөй жатат. Менин чочулаганым, жыйынтык болбой калууда", - деди депутат Талиева.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдан тарта эле Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортунун жанына эс алуучу жай ачууну пландап келет. Алгач аэропорттун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казино курула турганы айтылган.

План боюнча, ал жерге чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө шарт түзүлүп, визасыз чек ара жол-жобосу колдонулмак. Кыргызстанда азыркы учурда казино ачууга уруксат бар. Бирок мыйзам боюнча, ага Кыргызстандын жараны кире албайт.

"Тамчы" финансылык борбору офшорго айланабы?

Эми болсо кумар оюндары “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагында уруксат берилген 16 ишкерликтин бири болуп калды.

Кыскача айтканда, “Тамчы” финансылык аймагы чет элдик компанияларга бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө жеңилдиктерди, купуялуулукту кепилдеген офшордук жай болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров бул долбоордун артыкчылыгы жана кемчилигине токтолду.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Тыйындын эки жагы бар. Биз чет элдик компания же инвесторлорго эки нерсени кепилдеп жатабыз. Биринчиден, салыктан дээрлик бошоп жатат. Бир жылдык төлөмдү төгүп коюп ишин кыла берет. Өкмөт ушундан пайда көрүүнү максат кылууда. Бажыдан да жеңилдик бар. Экинчиден, купуялуулук. Ал жерге түшкөн маалыматтар эч кимге берилбейт. Мисалы, Сейшел, Багам аралдары сыяктуу офшор аймактар бар да. Ал жакта катталган компания боюнча маалымат беришпейт. Мыйзам менен ушундай бекитип коюшкан. Акчаны ошол аймактар аркылуу иштетет да. Кайсыл бир фирмалар ошол жактарга катталат. Эгер "Тамчы" ошондой аймакка айланса, дүйнөлүк кайсыл бир агенттиктер, чоң-чоң банктар "Кыргызстанда офшор бар" деп рейтингди түшүрүшү мүмкүн. Ушул эки нерсени эске алып иштей берсе болот".

Бул мыйзам долбоору боюнча дагы бир депутат Дастан Бекешев да пикирин Телеграмдагы каналына жарыялаган. Ал дүйнөдөгү азыркы кырдаалда кыргыз өкмөтүнүн бул аракетин колдосо боло турганын айтып жатат. Бирок эл өкүлү "Тамчы" финансылык аймагы иштеши үчүн каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жатканы менен башкаруучу компания аларды пайдаланууда толук эркиндикке ээ болоруна тынчсыздануусун билдирди.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Дегеле, геосаясатта болуп жаткан окуяларды жана соодадагы логистиканын үзгүлтүккө учурашын эске алганда, мындай офшорду түзүү аракетин кубаттоого болот. Ошондуктан Кыргызстан кандайдыр бир жол менен экономикалык процесстерге кирип кетүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Ошол эле учурда каражат кандай пайдаланылып жатканын текшерүүгө Эсеп палатасынын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын укугу жок. Кыргызстандыктар салык төлөп, акчасы кайда кетип жатканын билбей калат экен, бул жакшы эмес. Элдин каражатын түшүнүксүз коммерциялык уюм башкарбашы керек. Ушул боюнча сын бар, бирок бул демилгени колдоп, кандай иштей турганын көрсөк болот".

Азырынча аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи окуудан гана өттү. Алдыда парламенттин жалпы жыйынына да чыгарылат.

18-апрелде президент Садыр Жапаров парламентте кайрылуу жасап, депутаттардан мыйзам долбоорун колдоп берүүсүн суранды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Ошону менен бирге “Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу” жана башка бир катар заман талап кылып жаткан мыйзам долбоорлору карооңуздарда турат. Комитеттер, фракциялар электен өткөрүп, оңдоп-түзөп, кошумчалары болсо жасап, жалпы жыйында дагы бир сыйра карап, колдоп бересиздер деген ишеничтемин”, - деди президент.

Экономика министрлиги долбоорунда өзгөчө укуктук режимге жана статуска ээ “Тамчы” каржылык аймагы 2027-2030-жылдары ишке аша турганын билдирип жатат. Бул долбоор кыргыз бийлигинин Ысык-Көлдүн жээгинде курууну мерчемдеген алгачкы долбоору эмес.

Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн.

Жапаров 2023-жылдын 30-июнунда шаардын курулушуна старт берген. Капсула салуу аземинен кийин саналуу убакыт өтүп-өтпөй андагы курулуштар кайра токтоп, ошол бойдон салына элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG