Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

Казак өкмөтү 16 миллион жарандын жеке маалыматы боюнча жооп берди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиев 16,3 миллион жарандын жеке маалыматы интернетке чыгып кеткенине байланыштуу комментарий берди. Анын айтымында, бул маалыматтар мурда эле уурдалып, эми гана интернетке жарыяланып жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

“Бул 2024-жылдын 1-майындагы маалыматтар. Жаңы маалымат эмес. Алар түрдүү платформаларга чыгып жатканын көрүп жатасыздар. Бир жерде аты-жөнү, бир жерде ЖСН (жеке идентификациялык номери), дагы башка жерде телефон номерлери бар. Бирок алар ачык жарыяланары менен дароо жаап жатабыз”, — деди министр “Власть” басылмасына берген комментарийинде.

Министрдин билдиришинче, мамлекеттик маалымат базалары бузулган эмес. Бул мурда уурдалган маалыматтар болушу мүмкүн.

16-июнда киберкоопсуздук жана интернет технологияларына адистешкен securixy_kz Telegram каналы 16,3 миллион адамга тиешелүү жеке маалыматтар аты-жөнү, туулган жылы, ЖСН, жашаган жери, улуту, жынысы, жарандыгы, иштеген жери жана телефон номерлери социалдык тармактарга тарап кеткенин билдирген.

Аталган каналдын маалыматына караганда, “дареги” деген тилкеде тиш дарылоо клиникалары, бейтапканалар, салык органдары, университеттер жана башка мекемелер көп кездешкен. Бул маалыматтар ачык же жарым-жартылай ачык API аркылуу же корголбогон сервистер аркылуу алынган болушу мүмкүн деген божомол айтылган.

Мындан кийин Санариптик өнүгүү министрлиги бул боюнча иликтөө башталганын билдирген.

Киберчабуулдарды иликтөө жана анализдөө борбору да бул маалыматтар ар кайсы булактардан уурдалып, бир жерге топтолгон болушу мүмкүн экенин билдирген.

Бир жума мурун Ички иштер министрлигинин Киберкоопсуздук департаменти Улуттук коопсуздук комитети менен биргелешип жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө интернетте жарандардын жеке маалыматын мыйзамсыз сатууга жана таратууга шектелип 140тан ашуун адам кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр мамлекеттик маалымат базаларынан жарандардын маалыматын мыйзамсыз алып, Telegram аркылуу таратканы аныкталган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG