Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Жогорку Кеңеш патент системасын кайра киргизген мыйзамды кабыл алды


 Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты.
Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты.

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында бир катар салыктык өзгөрүүлөрдү камтыган мыйзам кабыл алынды. Документте 2022-жылдын 1-январына чейинки салык, быйыл 1-январга чейинки транспорт салыгы боюнча карыздар жокко чыгарылат.

Транспорт салыгын жокко чыгаруу, соода менен алектенген ишкерлерге патент системасын киргизүү карызы бар жарандардын чет өлкөгө чыгуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү камтылган.

Мындан тышкары бирдиктүү салык системасына да өзгөрүүлөр кирди.

  • 0,5 % өлчөмүндөгү ставка менен иштеген соода субъекттери үчүн жылдык кирешенин босогосун 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин көбөйтүү;
  • Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн 0,25% өлчөмүндөгү ставка;
  • Товарларды жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттерге сатууда 4% өлчөмүндөгү ставка;
  • 0,1% жана 1% өлчөмүндөгү ставкаларды жоюу каралган.

Сатуудан алынуучу салыктын алымдарын белгилөөдө да бир канча өзгөрүүлөр кирген.

“Мындан тышкары, "салык төлөөчүнүн рейтинги" институтун киргизүү сунушталууда, ал салыктарды ак ниеттүү төлөөгө дем берүүгө жана атаандаштык чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет”, - деп жазылган мыйзам кабыл алынгандан кийин Салык кызматынын тараткан билдирүүсүндө.

Жаңы салыктык реформа алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенген ишкерлер ККМдин киришине каршы бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG