Түркмөнстанда опузалап акча өндүрүү жана ден соолукка атайылап орто залал келтирүү деген айып менен кесилген активист, 40 жаштагы Мурат Душемов төрт жыл абакта отургандан кийин эркиндикке чыкмак. Turkmen.news сайтынын маалыматына ылайык, анын 2021-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүмдүн негизиндеги абак мөөнөтү 14-июнда соңуна чыкты. Бирок ал үйүнө кайтып барган жок.
Бошотулуу алдында Душемовдун үстүнөн чогуу отурган айыпкерлердин бири арызданып, колун сындырганын айткан. Сайт жазгандай, активист учурда Түркмөнабаддагы тергөө абагында отурат жана кайрадан соттолушу мүмкүн.
Ал 2020-жылы чет жактагы түркмөн оппозициясынын ишмердиги тууралуу ойлору менен ачык бөлүшүп, саясий кыймылдарды өлкө ичиндеги кишилер менен кызматташууга чакырган.
Душемов 2021-жылдын 16-июнунда ооруканалардын биринде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска каршы милдеттүү эмдөө тууралуу буйругу мыйзамсыз деген видео тартып, аны Ютубга чыгаргандан кийин куугунтукка кабылган. Эртеси сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирген. 7-июлда машина менен Дашогуз шаарына баратканда полиция токтотуп, коронавирус жуктурган эмес деген справка талап кылган. Активист жана достору андай справканы кайсы документтин негизинде талап кылышканын сурашканда, тартип коргоочулар аларды кармап кеткен.
Сот аны жана досун 15 суткага камаган, бирок Душемовго дагы эки берене менен кылмыш ишин козгогон. Оорукананын дарыгери активист жогоруда айтылган видеону чыгарбаш үчүн андан акча талап кылганын айтып арызданган.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар Душемовдун иши артында саясат турганын айтышууда.
Түркмөнстан сөз эркиндигинин абалын баалаган уюмдардын рейтингинде төмөнкү орундарды ээлеп келет.
Шерине